Мугалим окуучуну сабаган окуя боюнча милиция толук маалымат берди

0
1486

Жалал-Абад облусунун  Сузак районуна караштуу, Сафаровка айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин информатика  мугалими, 7-класстын окуучусун сабаган. Бул боюнча социалдык тармакта видео тарап, аны Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.

25-майда социалдык тармактарда тараган видеодо мугалим, окуучу кызды колу менен бети-башына бир нече жолу уруп жибергени тартылган.

Аталган факты текшерүүнү талап кылгандыктан Сузак РИИБнин маалымат электрондук журналына катталып, алдын ала текшерүү жүргөн.

Териштирүүнүн жүрүшүндө,  окуя боюнча мугалим  суралган учурда, ал 23-майда саат 12:00дө сабак учурунда 7-классынын окуучусу менен, өзүнүн кызы аталган 7-классынын окуучусу К.А. өз ара сөз талашып, айтышып кетишкен учурда, аларга сабакта тынч отуруусун талап кылып эскерткендигин, окуучу Д.Х. ага орой сүйлөгөндүктөн, ачууга алдырып аны бети-башына чапкылап, тарбиялык мааниде уруп жибергендигин билдирген.

“Белгилеп кетүүчү жагдай, айрым социалдык баракчаларда бул видеонун толук варианты берилбей, мугалимдин окуучуну уруп жаткан жери эле кыркылып көрсөтүлүп калган. Текшерүүнүн жүрүшүндө толук видеосу алынып, анда мугалим окуучуга кол көтөргөнгө чейин, окуучу мугалимге акараат кылып, аны менен кайым айтышып кол көтөрүүгө себеп болгондугу такталган”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча толук жана обьективдүү текшерүү максатында Д.Х. денесинен алган жаракаттардын оордук даражасын аныктоо боюнча атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ошондой эле азыркы мезгилде иштин жагдайы боюнча мугалим жана мектеп окуучулары суралып, алдын ала сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here